www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтакуновдун дымагы таш жарат го?

Оригиналдуу жүрүштөрү аркылуу башкалардан айрымаланган бир жактоочу жарк этти. Ал ким экенин “чала сабаттар” кайдан билмек эле? Ошондуктан аты, жөнүн, анча-мынча таржымалын айта кетеличи? Нурбек Токтакуновду буга чейин мурунку бийлик бааламак турсун, мыйыгынан жасаган кадамдарына күлүп жүргөн. Бирок, акыркы “чабуулдарына” сергек кароого туура келип жаткандай. Кезинде камакта өмүр боюу кармалууга кесилген Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгарууга жанын үрөгөн. ЖКнын депутаттары И. Масалиев, Н. Никитенко менен биргеликте улуттук коопсуздук комитетинин “чебин” алсыратуу боюнча көз караштарын ортого салышканы тууралуу көп талаштар болору деле маалым. Бул таасирдүү тармактын кубатын алсыратууга жол берилбеши кажет. Болбосо мамлекеттик сырлардын баары ачыкталып кетет. Бирок, булар артка кайта тургандай эмес.

Дагы бир кашкайган жаңылык-Сапар Исаковду эми Нурбек аттуу жактоочу коргой турганында. Чамасы экөөнүн ымаласы келишкендей. Кызыктай эле окуялар болуп жатат. Ушинтип камакта отуруп каларын Сапар деле ойлобосо керек? Эгерде кыл сууругандай кылмышты жаптырууга жараса Токтакуновдун зоболосу укмуштай көтөрүлөт. Жөн эле акча өндүрүүнүн амалында кол алышуу болсо Нукеңин айыбы толук ачылып, ашмалтайы чыгат. Ушул кезге чейин иши жүрүшпөгөн кишинин жемейлери боюнча гана уламыштар чубалган. Чоң “акырга” мурдун салууга жараган жактоочунун иши кандай өңүттө уланарына саресеп салып туралы. Бул ирет жыйынтык кандай болорун убакыт көрсөтөт.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости