www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куш тумоосунан улам, Кыргызстанга Орусиянын үч облусунан куш этин алып келүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште өлкөдөгү эпизотиялык абалга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду. Мындай чара көрүүгө ал өлкөдөгү куш тумоосунун жайылышы себеп болгон.
Депутат Таалайбек Масабиров анда эмне үчүн Кыргызстандын базарларында башка өлкөлөрдөн алып келүүгө тыюу салынган өрдөктүн эттери сатылып жатканына кызыкты. «Өрдөк эттери Тажикстандан ташылып келип жатканы тууралуу маалыматтар бар. Алар чек арадан кантип өтүүдө? Менин колумда сиз тарабынан тыюу салынган ошол этти ташып келүүгө уруксат берилген документ турат, муну кандай түшүнсөк болот?», - деген собол салды ал.
Ветфитосанитардык инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов транзиттик ташууларга гана уруксат бериле турганын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Андан сырткары ЖК эл өкулдөрү ветфитосанитардык инспекциянын башчысы Калысбек Жумакановго болгон терс пикирин билдирүүдө. Айрыкча ЖК депутат Аалы Карашев, Жумакановду бир нече жолу кагып-силкип, асмандан жерге түшүүнү айтты.
Булак: NazarNews.kg