www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү журналист Асель Оторбаева Акыйкатчылыкка бараткан Токон Мамытовдун бейнесине штрих катары өзүнүн башынан өткөн реалдуу окуясын жазды. Анда 2000-жылдары Т.Мамытов атайын кызматта жетекчилик постто иштеп турганда журналисттерди аңдууну уюштургандыгы айтылат.
“Өлкөнүн башкы укук коргоочусу болгусу келген адамга саламдар менен.
Бир жолу, бул иш 2000-жылдардын башында болгон, мен кокусунан артыман аңдууну байкап калдым. Албетте, мен башында детективди көп окугандан улам го деп ойлодум. Андан соң бат эле чындап аңдып жүрүшкөнүн түшүндүм. Менин үйүмдөн жумушума чейин (Козлинский/Кимдин кезиндеги “Вечеркада”) жети мүнөттүк жол эле.
Ойной баштадым. Бирде айлана бассам, бирде тар көчөлөргө кирип кетем. Гэбэшниктердин күрмөлөрү артыман калбай ээрчип жүрүшөт. А мен ачык эле шарт бурулуп аларга бетме-бет басып жөнөйм, а алар бирде боолорун оңдоп кирсе, бирде кимдир-бирөөнү издеген түр көрсөтүшөт...
Владимир Ароныч менен Сан Санычка айттым. Владимир Ароныч мунун фантазия эмес, чыныгы аңдуу экенине ишенүү үчүн мени “Вечерканын” кызматтык унаасында жүрүүгө мажбурлады. Бир эмес, эки жолу да эмес.
Владимир Ароныч, кимдер билсе, Кудайдан бир жаралган журналист эле. Ал мага аңдууга каршы бүтүндөй бир кызыктарды иштеп берди. Биз чекисттерди ар тараптан сүрөткө тарттык. Мыкты макала жаралды. Качан биз гэбэшниктерди беш жолу кармагандан кийин, “Вечерканын” жетекчилиги ЧКга каардуу кат жолдоду: кайсы акыңар үчүн журналисттин артынан аңдыйсыңар.
Владимир Ароныч “мына көрөсүң Асель, гэбэ биз силердин районуңарда машыгуу өткөрүп жатканбыз, каңгыгандарды үйрөтөлү дегенбиз деген жооп жөнөтөт” деп күлгөн. Аныкы жүз пайыз туура болуп чыкты.
Гэбэ Токон Мамытовдун колу менен жооп берди – машыгуу... эч кандай аңдуу эмес... силердин Оторбаеваңарга ошондой көрүнгөн... А жолукканда тамашалап кутулду. Ооба, каңгыгандардын баарын эмне үчүндүр жумуштан бошотуп жиберишти.
Токон Болотбекович, сизге Акыйкатчылыктын эмне кереги бар? Акыйкатчынын миссиясы – адам укугун коргоо. А сиз, кадрдык чекист, кантип укук коргойсуз? Биз өлкөнүн кийинки тарыхын жакшы билебиз. Жана, сиз жетекчилик посттордо иштеген, укук дегенге, жумшартып айтканда, түкүргүсү келген КГБ, СНБ, МНБ, ГКНБдагылардын ар бирин тааныйбыз...”, - деп жазган Асель Оторбаева.
Токон Мамытовду Акыйкатчылык постко КСДП фракциясы алып чыгууда.
Булак: NazarNews.kg