www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тиешелүү органдардын маалыматтарына караганда 200дөн ашык партия каттоодон өткөн. Бирок саналуу гана партия эл үчүн өз аракеттерин кылып келсе, каттоодон өткөн боюнча дайын-дарексиз болгон партиялар басымдуулук кылат. Ошол эле учурда жаңы түптөлгөнүнө карабай алгылыктуу иштерди жасап, ишенимдүү, ыймандуу адамдарды катарына тартып бир нече шаарларда элдин ишенимине арзып алдыңкы орундарды ээлеп келген партиялар дагы жок эмес. Алардын бири “Мекеним Кыргызстан” партиясы, негиздөөчүсү Айбек Осмонов деген мырза. Бишкек шаарына болгон акыркы шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясы тууралуу бир топ сөздөр айтылган. Бирөөлөр бул партиянын “көшөгө” артындагы кожоюну Икрам Илмиянов десе, айрымдар башкача сөздөрдү таратышкан. Биз бүгүн аталган партиянын түптөөчүсү Айбек Осмоновду кепке тарттык. Айбек мырза ата-энеси, бир туугандары, келечек максаттары, кыялдары тууралуу маек куруп берди.
--Айбек Жапарович, көпчүлүккө билинбей бирок көп иш жасаган ишкер жигиттерибизден уучубуз куру эмес. Алардын бири сизсиз десек жаңылышпайбыз. Сиз менен жакындан таанышсак?
--Мен 1984–жылдын 16-февралында Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Арек айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Байкем, эжем, иним жана карындашым бар. Мен үй-бүлөдө ортончумун. Атам кесиби боюнча мугалим, көп жылдар бою ушул тармакта эмгектенип, жүздөгөн жаш муундарга билим берди. Апам үй кожойкеси. Апам менен атамдын мыкты тарбиясын алган биз дайыма аларды уят кылбай жашоодон ордубузду тапсак дейбиз. Кудайга шүгүр, акырындык менен өз жолубузду таап келе жатабыз.
--Орто мектепти айылдан бүттүңүзбү же борбордонбу?
--Жогоруда айтып кеттим, мен жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккам. Ош шаарындагы №35чи Жоро Атабаев атындагы мектептен билим алдым. Катардагы миңдеген окуучулардай мени дагы жөнөкөй мугалимдер окутуп тарбия беришкен. Билим берген агай-эжейлериме абдан ыраазымын, колумдан келишинче сый-урмат көрсөткөнгө аракет жасап келем.
--Балалык кыялдарыңызда бүгүнкүдөй ишкер болуу, партия түптөп аны жетектеп калуу бар беле?
--Албетте балалык кезде көп нерсени кыялдангам, ошолордун ичинен жетекчи болуу да бар болчу. Акырындап кыялдарым орундалып келе жатат. Жетекчи болуу оңой жумуш эмес. Кол астыңда канча адам болсо ошончо адамдын кыял-жоругу бар дегендей... Алардын баарын жөнгө салып, иштетип кетүү көп түйшүктү, убакытты талап кылат. Башында оор болгон, азыр болсо көнүп калдым. Кудай буюрса келечекте мамлекетиме өз билимимди, тажрыйбамды жумшап, колдон келген кызматымды кылсам дейм.
--Жогорку билимди кайсыл тармак боюнча алгансыз?
--Эки дипломдун ээсимин. Биринчиси Ош мамлекеттик университетинде информатика факультетинин “информациялык система жана технология” бөлүмүн жана Ош курулуш колледжинин “техника” бөлүмүн аяктагам. Азыркы учурда Казы Дикимбаев атындагы дипломатикалык академиясынын “Эл аралык долбоорлорду башкаруу” бөлүмүндө билим алуудамын.
--Хадисте “Бешиктен кабырга чейин билим алгыла” деп айтылат эмеспи. Чет өлкөдөн билим алуу максаттарыңыз барбы?
--Албетте, хадисте айтылган сөздөргө кошулам. Чет өлкөдө экономика тармагында билимимди жогорулатсам деп ниет кылып турам. Кайсы жактан гана билим албайын баардыгы мекенибиздин экономикасын, жашоо шартын көтөрүүгө, элибиздин турмушун жакшыртууга жумшагым келет.
--“Мекеним Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү сизсиз. Партия түптөөдө чоң каражат, таасирдүү адамдардын кеңеши, колдоосу керектелет. Сизге ким жардам берди?
--Эң биринчиден бизге Кудай жардам берди десем жанылышпайм. Экинчиден биз менен чын дилден бирге иштешүү максатында чогулган бир көз караштагы тарапташтарыбыздын ар биринин ой-пикирлерин эске алуу менен түптөлүп, азыркы учурда алдыда элге, жерге, динге кызмат кылууга бел байлап турабыз. Кыргызстандын келечеги үчүн баарыбыз бир максатта иштесек гана өнүккөн өлкөнү кура алабыз. Таасирдүү адамдар аралашты, тигил бул колдоптур дейт деген сөздөр жалган, ага ишенбей эле койсоңуздар болот.
--Буга чейин “Мекеним Кыргызстан” партиясы Бишкек шаардык кеңешке шайлоого аттанып жатканда массалык маалымат каражаттары ошол убактагы Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы Икрам Илмияновдуку экенин, сырттан каржылап жатканын байма-бай жазып жатышты. Сиздин жооп?
--Биздин партияга сиз айтып жаткан Икрам мырзанын эч кандай тиешеси жок деп ишенимдүү түрдө айта алам. Ортодо маалымат каражаттарына чыккан маалыматтар боюнча айтылгандардын баары жалган сөз. Ушак десем жаңылышпайм. Атаандаштар тарабынан айтылган каралоо сөздөрдүн бири десек болот. Биздин партиянын ал кишиге тиешеси жок экендигине, Икрам Илмияновдун ММКларга берген маектери мисал болуп бере алат. Эми саясый чөйрөдө көп сөздөр айтыла берет экен. Саясаттын өзүнүн табияты ушундай эмеспи, андыктан көңүл буруп убакытты текке кетиргибиз келген жок. Кудайдын алдында ак экенибизди билебиз, эң башкысы бизге ошол керек.
--Шаардык кеңештеги депутаттарыңыз шаардыктарга берилген убаданын өтөсүнө чыга алат деп ишенесизби? Буга чейин кандай иштерди жасады?
--Азыркы учурда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шаардык кеңеште 11 аймакта депутаты бар. Кээ бир жерлерде шайланганына 3 ай болсо ,айрым аймактарда бир жылдан ашып калды. Бирок ошого карабай аз убактын ичинде социалдык объектилердин үстүндө мектептерди, жолдорду, көчөлөрдү оңдоо, жарыктандыруу, жашылдандыруу, жаш спорчуларга каражат бөлүү, спорттук аянтча ачуу сыяктуу жумуштарды аткарууга жетишти. Алдыда дагы жасай турган иштерибиз арбын, изги тилектерибиз бар. Буга чейин, мындан кийин да эл менен ар дайым тыгыз байланышта болууга аракеттенебиз. Жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө «Мекеним Кыргызстан» партиясыан чыккан депутаттары бар шаарлардын баардыгында бекер көмүр таратат. Ар бир жасап жаткан ишибизди айтып олтурсак сөз узарып кетет. Ошол эле учурда биз кайрымдуулук жумуштарды жарнама же болбосо өзүбүздү пиарлоо максатында жасабайбыз. Алланын ыраазычылыгы үчүн мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жардам берүүнү милдетибиз катары эсептейбиз. Биз ким болбойлу элибиздин колдоосу менен бийикпиз. Кененирээк маалымат алам десениз ар бир аймактагы депутаттарыбыздын жылдык отчётторунан тааныша аласыз. Бул иш-чаралар башталышы гана болсо келечекте көптөгөн жумуштарды аткарууга аракет кылабыз.
--Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча көп партиялар айтканы менен аткарбай жатышат. Борбор калаабызды көпчүлүк суктангандай кооз шаарга айлантуу боюнча пландар барбы?
--Жашылдандыруу иштери биздин партиянын программасынын бирине кирет. Ошондуктан биз жыл сайын күзүндө жана жазында мамлекеттин бардык аймактарында ишембилик өткөрүп келебиз. Андан сырткары быйыл 11 миң көчөт жеке партиянын демилгеси менен 11 шаарга таратылды. Борборубузду кооз шаар кылуу үчүн аракеттин үстүндөбүз.
--Улуу саясатчылар дайыма китеп окушаарын айтат, ушунча жумушуңуздан кийин убакыт табасызбы?
--Адамдын жашоосуна керектүү пайдалуу китептерди окуп туруу акыл эсти өстүрүп, эске сактоону жакшыртат деп айтышат го. Жумушумдун көптүгүнө байланыштуу өзүм сүйгөн китептерди окуганга көп убакыт таппай калып жатам. Китеп окуганга аракет кылам, кээде жетишсем кээде жетишпей калам.
--“Бир Бол” фракциясынын тизмесинде 21-катарда турасыз. Кезегиңиз жакындап калыптыр. Сизди Жогорку Кеңештин залынан көрүп калчу күн жакындап келе жатат турбайбы?
--Ооба, тизме жакындап калды. Ошол 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен карап, алган добуштар менен мандат бериле турган болсо мен мандат алышым керек болчу. Себеби, мен өзүмө тиешелүү аймактан өз убагында депутат болуп келүүгө татыктуу добуш алгам. Тилекке каршы партия көп мандат ала албай калганын билесиздер. Ошондуктан кезек күтүүгө туура келди. Сиз айткандай Кудай буйруса, Жогорку Кеңештин залынан көрүп калчу күн алыс эмес.
--Кайрымдуулук иштерди көп жасаарыңызды айтышат. Өзүңүздүн да кайрымдуулукка муктаж болгон убактарыңыз болду беле?
--Менин балалык кезим СССР тарап, Кыргызстан жаңы гана эгемендикти алган баш аламан учурга туура келип калды. Ал убакта биз эле эмес өлкөнүн баардык үй-бүлөлөрү кыйынчылыка учураган убак эмес беле. Кыйналган жокпуз дебейм, кыйынчылыкты эл катары биз дагы тартканбыз. Ата-энем жаштайыбыздан адал эмгек кылууга үндөп келген. Ошондуктан бирөөлөрдүн кайрымдуулугуна карабай жер иштетип, дыйканчылык кылып маңдай тер менен оокат кылып чоңойгонбуз. Азыр дагы ата-энемдин берген тарбиясынын үзүрүн көрүп келем. Ал эми менин кайрымдуулугум боюнча жооп бербей эле коёюн. Мен, анан Аллах билсе болду. Башка сөз айтуунун зарылдыгы жок.
--Келечекте он жылдан кийин өзүңүздү, Кыргызстанды кандай элестетесиз?
--10 жылдан кийин өзүмдү саясаттан ордун тапкан инсан катары элестетем. Ал эми Кыргызстанды Дубайдай өнүккөн мамлекеттердин арасынан көргүм келет. Ошол эле убакта Бишкек таза, экономикасы гүлдөгөн, бийик кабат үйлөр курулган коопсуз шаар болсо деп кыялданам. Ошондой шаарда жашагым келет. Буюрса баарына жетебиз.
--Дубайда жашагыңыз келеби?
--Жок. Менин мекеним Кыргызстан. Өз өлкөмдү эч качан алмаштырбайм. Дубайда эмес, Дубайдай өнүккөн Бишкекте жашагым келет.
--Жогорку Кеңештин шайлоосунун даярдыгын айрым партиялар азыртан баштап алышыптыр. Сиздер да даярдык көрүп жатсаңыздар керек?
--Негизинен ар бир партия түптөлүп жатканда жакшы ниет, жакшы үмүт менен түзүлөт. Элдин ишенимине ээ болуп, элдин түйшүгүн тарткан партия болсок деп максат коет. Биз дагы партиябызды түптөп жатканда Жогорку Кеңешке баруу максатыбыз болгон. Баары Аллахтын буйругу менен да. Аракетибизди жасап, эл үчүн кызматыбызды кыла берсек максатыбызга жетебиз деп ойлойм. Эгер барып калсак өзүбүздүн программабыз менен кыргыз элине кызмат кылабыз. Биз элге буга чейин да жардам берип келгенбиз, мындан кийин аракеттенебиз. Элдин ишеними бизге күч-кубат берет.
Кыска суроо, нуска жооп:
--Күнүңүз эмнеден башталат?
--Намаз окуу менен...
--Чай же кофе?
--Чай.
--Жиниңизди кармай аласызбы?
--Эки үч жолу эскертүү берем, андан ары сабырым түгөнөт.
--Спорт менен мамилеңиз кандай?
--Эркин күрөш менен машыгам.
--Акыркы жолу качан ыйладыңыз?
--Меккеде, дуба кылып жатып...
--Аргымак кармайсызбы?
--Ооба, кыргыздын жигитин аргымаксыз элестетүүгө болбойт.
--Акча сиз үчүн?
--Колдун кири.
--Биринчи тапкан каражатыңыз канча сом эле?
--Айылда окуучу кезде жайында иштеп 3000 сом тапкам.
--Кайда эс алган жагат?
--Кыргызстандын жаратылышында.
Баян Кулова, “Де-факто”