www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улуу акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата "Абай — руханий реформатор" деген аталыштагы макала жазды. Анда ал казак коомчулугунун бир нече кемчиликтери тууралуу дагы айткан. Бул туурасында казак басылмалары жазды.

"Өз доорунда Абай айткан "беш душманыбыздан" дагы деле толук кутула албай жатабыз. Тилекке каршы, коомубузда жалкоолук, пайдасыз сөздөр көп. Алар кишини тыңгылыктуу иш бүтпөгөн, маанисиз жашоого сүйрөйт. Ошондой эле эмгектенүүнүн ордуна ар бир нерседен саясат издегендер жок эмес", — деди Токаев.

Өлкө башчы эске салгандай, Абай тойдон тойго чейин күн санабай, билим алып, руханий өсүүгө чакырган.

"Биз билимдин аркасы менен гана өсө алабыз. Заманбап билим берүү интеллектуалдык жактан жетилген улут болууга жардам берет. Экинчи орунда тарбия турат. Улуу ойчул айткандай, пайда издебей, абийирди ойлойлу. Ошондо гана биз жаштарга үлгү боло алабыз", — деп жазган президент.

Ошондой эле, ал Абай казак эли болушунча жаңы жана керектүү кесиптерге умтулуп, ар бир жаран өз ишинин чебери болушун каалаганын кошумчалады.

"Азыркыдай кымгуут кезде бул өтө маанилүү. Байлык жок болуп кетиши мүмкүн. Ал эми иш билгилик өмүр бою биз менен калат. Биз ишке болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек. Анткени бизди сүйүктүү жумушубуздай эч нерсе бактылуу жана бай кыла албайт", — деп жазылат өлкө башчынын макаласында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости