www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаанын чок ортосу болгон Совет көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин жолду жарым жылдан бери жаап, алдына соодо өтмөгүн салып жаткан Нариман Түлеевдүн арааны ачылып, жолдун үстүн дагы тарытып, имарат куруп, ашынып кетиптир.
Муну көргөн элдер, “ынсапсызга кашык берсең беш ууртайт” ач көздү тойгузуш мүмкүн эмес тура дешип жерге түкүрүшүүдө. Ырасында, бийликтин ишенимине кирип, өз билгенин жасап жаткан Нариман Түлеев, бул кылыгы аркылуу бийликтин имиджине оңбогондой сокку уруп, беделин түшүрүп жатканын түшүнбөгөнү өкүнүчтүү. Болбосо, билип туруп атайын коомду нааразы кылган жосунсуз жорукту жасап жатат.
Айтор, жолдун түбүн эле тешпестен, үстүн дагы кертип, тарытып жатканы акылга сыйбаган көрүнүш. Ансыз да шаардагы тыгын маселеси курч турганда, жолдун эки тарабын куушуруп, жол жээгине көрксүз имаратты куруп алганы, жапайычылык десек жарашат.
Бул дегендик элди, мамлекетти сыйлабагандык. Мыйзамдарды тоготпогондук. Президенттин ишенимин тебелегендик. Андыктан элдир-селдир эси болсо, шаардын көркүн бузган жаңы курган имаратын бузуп, жолду кеңейтип чыгышы милдет. Президент Жапаров бул маселени көзөмөлгө алып, мындай шалаакылыкка жол берген Бишкек мэрин дагы тескеп койсо ашык болбойт эле.