www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга расмий сапары эки өлкөнүн саясий диалогунун «тарыхый бийиктикке» жеткени тууралуу декларациялар менен коштолду. Президент Садыр Жапаров тараптардын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк бекемделип жатканын баса белгилесе, Ван И Си Цзинпиндин саламын жеткирип, мурда кабыл алынган макулдашуулар толук аткарылаарына убада берди.
Бирок расмий жылуу билдирүүлөрдүн артында айрым олуттуу контекст жатат. Кытайлык министр Кыргызстанда иштеген компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана жергиликтүү каада-салтты урматтоо керектиги өзүнчө түшүндүрүлүп жатканын айтты. Бул соңку коомдук нааразылыктын фонундагы маанилүү белги десек болот.
Дегенибиз, акыркы күндөрдө кыргыз жана кытай айдоочуларынын ортосундагы жаңжал социалдык тармактарда бир топ нааразы маанайды жараткан. Демек, Бээжин коомдук сезимталдыкты козгогон кырдаалды көз жаздымда калтырган эмес.
Сапар дипломатиялык протоколго ылайык өтсө да, анын борбордук темасы эки өлкө ортосундагы ишенимди чыңдоо менен катар, социалдык чыңалууну басаңдатуу зарылдыгын эске алышканы байкалат.