www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылы Бишкекте 144 автобус айдоочусу жумуштан бошотулду. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын №2 автопаркынын башкы инженери Артур Өмүрзаков «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жол эрежесин бузган жана жол кырсыгына себепкер болгон айдоочулар сыйлык акысынан 100 пайыз ажыратылат. Окуяларды карап чыгуу үчүн эки комиссия иштейт: тартиптик комиссия айдоочунун жүрүм-турумун (одоно мамиле, кызыл чырактан өтүү жана башкаларды) бааласа, техникалык комиссия автобуска келтирилген зыянды жана анын абалын карайт.
«Айдоочу автобусту өз эсебинен оңдойт. Эгерде каражаты жок болсо, сумманы айлыгынан кармап калуу боюнча арыз жазат. Дефекттик акт түзүлүп, автобус калыбына келтирилет», — деп түшүндүрдү Өмүрзаков.