www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК 2026-жылдын 19-январында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын кызматкерин 1 миллион сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармады. 

Муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана бүткөрүлгөн иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу жалпы тендердик баанын 10%ын системалуу түрдө опузалап алгандыгы аныкталды.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, МИнин кызматкери А.К.Ш. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда муниципалдык кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берүү, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Последние новости