www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыйык Курман айт майрамына карата өткөрүлгөн айт намазы учурунда Кыргыз Республикасынын ЖКККББ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, өлкө аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашты.

Жеке курам мечиттердин айланасында, борбордук көчөлөрдө, кесилиштерде жана автоунаа кыймылы көп болгон аймактарда кызмат алып барып, жол кыймылын жөнгө салып, тыгындардын алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүштү.

Аталган иш-чаралардын негизги максаты — жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана майрам күнү жол кыймылынын үзгүлтүксүз өтүшүнө шарт түзүү болду.

ЖКККББ бардык жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого жана жолдо бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга чакырат.

Последние новости