www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда тилемчиликке каршы чаралар күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 2-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, коомдук тартипке терс таасирин жоюу, жолдордо тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аялуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган:

1) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине:

  • тилемчиликти (1261-берене) жана тилемчиликке тартууну
  • (1262-берене) жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоочу ченемдерди киргизүү;
  • тилемчиликти, тилемчиликке тартууну жасагандыгы үчүн чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын чегинен чыгарып жиберүүнү аныктоочу ченемди киргизүү;
  • УБжКнын 1261-беренесинде, 1262-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди сот тарабынан кароону жана жаза чарасын көрүүнү аныктоо;
  • УБжКнын 1262-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди ички иштер органдары тарабынан кароону жана жаза чарасын көрүүнү аныктоо;
  • тилемчилик, тилемчиликке тартууну жасаган адамды кармоону ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырууну бекитүү;

2) Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга:

тилемчилик, тилемчиликке тартууну жасаган чет өлкөлүк жаран УБжКга ылайык жоопкерчиликке тартылат деген ченемди аныктоо.

Последние новости