www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги Россияга каршы 20-пакет санкцияларды кабыл алып, анын алкагында «Керемет Банк» жана «Капитал Банк» менен транзакцияларды бөгөттөө чечимин кабыл алды.

Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Биринчи каналга» берген маегинде бул санкциялар Кыргызстанды Россияга берилгендиги үчүн жазалоо катары каралышы мүмкүнбү деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, Бишкек биринчи кезекте өз кызыкчылыктарын жетекчиликке алат.

«Бул Россияга берилгендиктен эмес, өз кызыкчылыгына берилгендиктен улам жасалган кадам. Өлкө өз пайдасын көздөп аракет кылса, анда алынган пайда башка мүмкүнчүлүктөрдөн ашып түшөт. Мындай шартта мындай тобокелдик өзүн актайт», - деди ал.

Ал ошондой эле Россия менен Кыргызстандын кызматташуусу өз ара пайдалуу экенин белгиледи.
«Биз да пайда табабыз, Кыргызстан да пайда табат — биргелешкен инвестициялык долбоорлор бар», — деп кошумчалады ал.

Бул санкциялардын алкагында Европа Биримдиги Кыргызстанга санариптик башкаруусу бар станокторду экспорттоого тыюу салды. Себеби алар Россияга кайра экспорттолушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Ошондой эле «Керемет Банк» жана «Капитал Банк» менен финансылык операцияларга чектөө киргизилди.

Последние новости