www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көзү азиз активист Темирлан Ормуков Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголушун өзүнүн ишине байланыштуу, бирок негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

“Менин ишим боюнча козголду. Бирок аларга кылмыш иши козголушуна мен ага макул эмесмин, себеби мага карата мыйзамсыз чечим чыгаргандар - алар эмес, Башкы прокуратура өзү жана райондук сот. Мага Башкы прокуратурадан чалып, арыз жазууну сунуш кылышкан, бирок мен андан баш тарткам” деген Ормуков башкы көзөмөл органы бүгүн тараткан маалыматтагы даталар анын ишине толук дал келерин белгиледи.

Башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясына жана бул соттук органдын аппаратынын, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгогонун бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Алар "адамды камакта мыйзамсыз кармап турушкан" деп айыпталууда.

Иштин материалдарында "О.Т. аттуу жарандын бөгөт чарасы туура эмес аныкталганы, ошонун айынан анын конституциялык укугу бузулганы" айтылат.

Ормуков 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына камаган.

Ормуков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ага каршы милицияга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Бул кылмыш иштерин ал "саясий куугунтук" деп баалап келет. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мындай дооматты четке каккан.

Башкы прокуратура Ормуковдун бүгүнкү билдирүүсүнө комментарий бере элек - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости