www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темир Сариевге оомат кайра келеби?

Саясаттын сасык оорусун ушундан улам билсек болот, негизи эле жоопту кызматтарга мурда сот жообуна тартылгандар, иштен сөгүш алып кеткендер, коррупция менен иштен алынгандар кайрылып эле келе берет.

Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, Темир Сариев өкмөт башчы болуп турган кезде Балыкчы-Корумду жолун оңдоп-түзөөдөн үлкөн акчаны “ап” эткизип алганын жаамы журт жакшы билет.

Бирок эми кайра ал киши “өкмөт башчылык кызматка келет” деген имиш ушул сөздү айтканга алып келди. Баамыбызда мындан башка өкмөт башчылыкка татыктуу киши болбосо керек. Болсо анда башка кишинин талапкерлиги коюлат эле го, болбосо коррупцияга берилген кишиге күн түшпөйт болучу.

Эх, “өкмөт дагы кадр тандоодон адашып жатат” дегендердин дагы саны арбын. Айткандай жогорку билимдүү, жогорку кызматтарда иштеген жарандар деле болсо керек, бирок эмнеге эле баягы көздөргө, баягы жүздөргө кызмат орду айланып келе берет-деп айтып чыгышкандар да бар. Айткандай оомат кайра Темикеге келгени калган көрүнөт, балким бул жолу сак-сактап, ар тарабын карап иш кылып калат чыгар, туугандарынын жана өң тааныштардын сөзүн укпай.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости