www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу чет элдик булактар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, министрдин жакындары аны аман сактап калып, ооруканага жеткиришти. Башкы прокуратура окуя 11-август күнү эртең менен үй-бүлөлүк чырдан улам болгонун билдирди. Маалыматта 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода өзүнө бычак менен кол салганы айтылат.

Уруш чыккан маалда анын үй-бүлөсү үйдө болгон, алар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Ушул тапта министр «Истиклол» ооруканасында дарыланып жатат. Ага операция жасалганы, абалы канааттандырарлык экени белгилүү болду.

Эске сала кетсек, Худоёр Худоёрзода Тажикстандын транспорт министрлигин 2017-жылдан бери жетектеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости