www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июндун аягында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиядагы жарандарды алып келүү максатында 14-июлга чейин Москва, Санкт-Петербург, Казан, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан бир нече чартердик каттам уюштуруларын билдирген. 19-июндан тартып Орусия шаарларындагы тажик консулдуктарында атайын комиссиялар түзүлүп, Тажикстанга жеткириле турган жарандар тизмеге алына баштаган.

Тажик элчилигинин маалыматына караганда, Орусиядагы 8 миңден ашык тажикстандык мекенине кайтуу каалоосун билдирген. Дипломаттардын айтымында, бардык каалоочуларды Тажикстанга алып келүүгө чартердик каттамдар жетишпейт.

Жарандарды чартердик каттамдарга каттоо убактылуу токтотулганы кабарланганы менен Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдында кезек күткөндөр дале көп болууда. Интернетке жарыяланган видеодо чогулгандардын арасында кичинекей бала көтөргөн келин, таяк таянган майып адам жүргөнүн көрүүгө болот.

Тажик бийлиги буга чейин чартердик каттамдарды аткарууда балалуу аялдарга, оорулууларга, улгайган адамдарга жана студенттерге артыкчылык берилерин билдирген. Бирок мигранттар мекенге учуп жаткандардын арасында дени сак жаштар көп экенин билдиришүүдө. Тажикстандын Орусиядагы элчиси бул маалыматтарды четке какты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости