www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда коронавируска байланыштуу абал курчуп, барган сайын көйгөйлүү болуп баратат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) COVID-19 боюнча эксперттер миссиясынын башчысы Патрик О’Коннор 12-майда Душанбеде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал жакынкы жумаларда тажик бийлиги көрө турган чаралар өтө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

“Тажикстанда коронавирус калк арасында жайылуу алдында турат. COVID-19 вирусун жуктуруп алган учурлар көбөйүүдө. Кырдаал тынчсызданууну жана кооптонууну жаратууда, токтоосуз түрдө керектүү чараларды кабыл алуу зарыл”, – деди Патрик О’Коннор.

ДССУнун эксперттери Тажикстанга май айынын башында келишкен. Делегация тажик аткаминерлери, медициналык кызматкерлери менен жолугуп, кырдаалды баалап, вируска каршы чара көрүү үчүн сунуштарды берүүдө.

Өлкөдө коронавирусту аныктаган бир гана лаборатория бар, ал Душанбеде жайгашкан. ДССУнун адистери тесттерди аймактарда да жүргүзүү керек деп эсептешет. Алар өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүп, көчмө лабораторияларды түзүү маселесин талкуулашты.

Тажикстан өкмөтү коронавируска каршы күрөшүү үчүн 4,4 миллион доллар бөлгөн. Жалпысынан өпкөнү жасалма дем алдыруучу 28 аппарат сатылып алынганы айтылды. Тажикстанда 12-майга карата вирус жуктургандардын саны 729 кишиге жетти.
Булак: NazarNews.org

Последние новости