www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-июнда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы COVID-19 пандемиясына байланыштуу калкка, кичи жана орто бизнеске жеңилдиктерди берүү тууралуу өкмөттүн сунушун жактырды.Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, парламентте сүйлөгөн өлкөнүн каржы министри Файзиддин Каххорзода өкмөт COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн социалдык-экономикалык тармактарга тийгизген таасирин азайтуу максатында ишкерликтин бир нече түрүнө 1-апрелден 1-сентябрга чейин салык каникулун берүү жана өз убагында салык төлөбөгөндөргө кошумча төлөм чегербөө тууралуу токтом чыгарганын билдирди.
Каххорзода кичи жана орто бизнеске жеңилдиктерди бергенден кийин өлкө казынасына канча акча түшпөй каларын айткан жок. Ал өкмөт социалдык блоктогу мамлекеттик программаларды каржылоо үчүн эл аралык каржы институттарына жардам сурап кайрылууга ниеттенип жатканын кошумчалады.
«Эл аралык валюта фонду пандемия маалында Тажикстандын бюджетин колдоо үчүн 189,5 миллион доллар жардам берүүгө макул болду. Ушу тапта акча алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Евразия өнүктүрүү банкы жана башка каржы институттары менен сүйлөшүүлөр уланууда», — деди министр.
Булак: NazarNews.kg