www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бийликте коррупционер, «стукач», буттан чалмалар, калпты чындай айткандар анан кландардын тиреши көп», - деди бүгүн, 3-июнда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.

- Ташболот агай, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кечээ 7 кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Ал өзүнүн калпыс иштери үчүн кармалдыбы же медицинаны майкандаган коррупцияонерлердин курмандыгы болдубу?

- Азыр бийликте ким көп? Коррупционер, стукач, буттан чалмалар, калпты чындай айткандар көп. Ошондой эле ича ара тирешкен кландардын күрөшү көп. Ошондуктан

Алымкадыр Бейшеналиев жогоркулардын өкүлү катары кишенделип, камакка киргизилди. Бирок, бир аздан кийин «ак кептер» болуп кайра чыгып калса да таң калбасак болот.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата Башкы прокуратура жалпы жети кылмыш ишин козгоду.

Эске салсак, Бейшеналиев кечээ, 2-июнда бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости