www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, анын коомдук тартипке тийгизген терс таасирин жоюу, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аярлуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо болуп эсептелет.

Долбоордун милдеттери – коомдук жайларда, анын ичинен жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тажатма тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган укуктук ченемдерди, калктын аярлуу катмарларын тилемчилик кылууга тартуунун алдын алууга багытталган чараларды белгилөө, мындай аракеттер үчүн катаал жаза чараларын колдонуу, ченемдерди кайталап бузган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгарып жиберүү үчүн укуктук негизди камсыз кылуу болуп саналат.

Талкуу маалында депутат Бурун Аманова коомдук жайларда жана жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайырчылык кылуу көйгөй жаратып, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурарын белгиледи. Ал эми эл өкүлү Медина Кайрылбекова мындай укук бузууларга жол берген чет өлкөлүк жарандарга карата чара көрүү маселесин ортого салды.

Мындан тышкары, жыйында «2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору да биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

 

Последние новости