www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоо күн тартиби боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндөгү демилгелерин илгерилетүүгө жана Глобалдык тоо күн тартибинин алкагында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында Корея Республикасына барып келди.
Иш сапардын жүрүшүндө Азия токой кызматташтыгы уюмунун (AFOCO) Аткаруучу директору Пак Чон Хо, Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) Аткаруучу директору Ким Санг Хёп, ошондой эле Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен (2023–2027-жылдарга) Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагында Кыргызстанда тоолуу региондорду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча конструктивдүү консультациялар өткөрүлдү.
Динара Кемелова ошондой эле Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча элчи, министрдин орун басары Кюн Чон Хо жана Кореянын Токой чарба агенттигинин Эл аралык кызматташтык бюросунун башкы директору Нам Сонг Хи менен жолугушту.
Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында тоо жана климат маселелеринин өз ара байланышын жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча жетишкендиктерин, анын ичинде 2026-жылы тоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог өткөрүү пландарын белгилеп өттү. Бишкек шаарында Тоолуу региондордун туруктуулугунун глобалдык борборун түзүү жана Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн глобалдык программасын негиздөө демилгелери сунушталып, Корея Республикасына өнөктөштүк жана биргелешип уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунуш кылынды.
Токой экосистемаларын калыбына келтирүү, тоолуу региондордогу табигый кырсыктарга каршы күрөшүү, жерлердин деградациясы, климаттын өзгөрүшү, тоо продукцияларын бренддөө жана тоолуу өлкөлөрдүн институционалдык потенциалын бекемдөө боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындан тышкары Динара Кемелова “Глобалдык жана регионалдык тоо диалогун илгерилетүү: “Бишкек +25” Экинчи глобалдык тоо саммитине карай» аттуу тегерек столго катышты. Иш-чара “Борбордук Азия – Корея” кызматташтык форумунун Катчылыгы менен биргеликте уюштурулуп, ага Корея Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана компанияларынын өкүлдөрү, ошондой эле AFOCO, GGGI, UNESCO жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле Сеул улуттук университетинин Евразияны жана Борбордук Азияны изилдөө борборунда тоо күн тартибинин бет ачары болду.