www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн жээгине уруксат кагаздары жок курулган тосмо буздурулат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактысы Тамчы айылындагы American School балдар лагеринин аймагында аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жаран У.Э.Д. көл жээгине таштардан жана цементтен эч кандай долбоорсуз жана уруксатсыз тосмо курган. Бул аракет "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын талаптарына каршы келет.
Текшерүүнүн жыйынтыгында акт түзүлүп, мыйзам бузууну жоюу боюнча эскертүү берилди. Күнөөлүү тарап курулган тосмону өз ыктыяры менен бузуп салууну убадалады.
Курулуш министрлиги жарандарды курулуш иштерин жүргүзүүдө санитардык нормаларды жана шаар куруу талаптарын так сактоого чакырат.