www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы Борбордук стадиондун курулушу менен таанышты.

Президент стадионду пайдаланууга берүү жана салтанаттуу ачылыш аземине даярдыгын текшерди. Жаңы спорттук жайдын ачылышы 17 же 18-октябрда өткөрүлөрү пландалууда. Андан кийин Жогорку лиганын 26-турунун алкагында Таластын «Азия» жана Оштун «Алай» клубдары беттешет.

Заманбап талаптарга жооп берген стадион 5 110 көрүүчүгө ылайыкталат. Негизги оюн талаасына табигый чөп төшөлүп, анын айланасында чуркоо жолдору курулат.

Мындан тышкары, комплексте жасалма чөптүү машыгуу талаасы, үч кичи футбол аянтчасы, воркаут жана фудкорт зоналары, унаа токтотуучу жай каралган.

Үч кабаттуу трибуналардын алдында спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана функционалдык бөлмөлөр, жатакана, тамактануучу жай, конференц-зал, административдик бөлмөлөр жана фитнес-зал жайгашат.

Ошондой эле VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, телеберүү адистери жана беттештин расмий өкүлдөрү үчүн атайын орундар каралып, �⁠VAR системасын орнотууга шарт түзүлөт.

Последние новости