www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.
Иш-чаралар 11–12-сентябрда уюштурулууда.
Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда облустун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүндө өсүш байкалган. Региондук дүң продукциянын көлөмү 2020-жылдагы 17,9 млрд сомдон 2024-жылы 54 млрд сомго чейин өскөн.
Жаңы жумуш орундарын түзүүдө да оң динамика бар. 2020-жылы 1 966 жумуш орду түзүлсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 10 288ге жеткен.
2025-жылы 8 688, ал эми 2026-жылдын январь–июнь айларында 4 374 жаңы жумуш орду түзүлгөн.
Орточо айлык эмгек акы 2020-жылдагы 16 156 сомдон 2025-жылы 37 099 сомго чейин өскөн. 2026-жылдын январь–июнь айларында бул көрсөткүч 50 294 сомду түздү.
Өнөр жай тармагында 2026-жылдын январь–июль айларында 39,5 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү 6,6 пайызды түзгөн. Айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо тармактарында 10,3 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 пайыздык өсүш катталган.
Ошондой эле облустун экономикасына тартылган түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү өсүп, 2026-жылдын январь–март айларында 80 387,5 млн долларды түзгөн.
Бул көрсөткүчтөр Талас облусунда экономикалык активдүүлүктүн жогорулап, өнөр жай жана айыл чарба тармактарынын өнүгүп жатканын көрсөтөт.