www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин көп тармактуу институтунун жаңы окуу корпусу ачылды.

Ачылыш аземине бүгүн, 11-сентябрда, президент Садыр Жапаров катышты.

Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирди.
Беш кабаттуу жаңы имараттын жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзөт.

Корпус 3 миң студентке билим алууга ылайыкталып, заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Окуу процессинде санариптик технологиялар колдонулат.

Имаратта Чыңгыз Айтматов атындагы кабинет, Туризмди өнүктүрүү борбору жана топурак менен суунун сапатын аныктоочу лаборатория иштейт.

Мамлекет башчысы жаңы окуу корпусун кыдырып, окутуучулар менен жолугушту. Ал студенттерге сапаттуу билим берүү жана аймак үчүн кесипкөй кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүүгө жана бул багытта адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

Последние новости