www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Талантбек Солтобаевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер Кабинетинин башчысы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жаңы жетекчилигинин алдында бүгүнкү күндө транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо, логистикалык жана коммуникациялык кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу масштабдуу жана жооптуу милдеттер турганын белгиледи.
«Сизге көрсөтүлгөн ишеним жана кесиптик тажрыйбаңыз жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарууга, министрликтин алдында турган чакырыктарга ийгиликтүү жооп берүүгө жана транспорт тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп ишенем», — деп белгилеп, министрдин милдетин аткаруучуга жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Талантбек Солтобаев Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилди.