www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай РИИБдин кызматкерлери райондун борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Дугаба айылындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тескемесинин талаптарын аткаруу алкагында уюштурулуп, 9–15-февраль күндөрү милиция кызматкерлери А.Орозбеков айыл аймагындагы «Дугаба» эс алуу базасында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, такси кызматын көрсөткөн жарандардын иш-кагаздарын жана автоунаалардын техникалык абалын текшерүү иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында 4 жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып пул салынды.
Мындан тышкары, чек аралаш аймактарда жашаган жарандарга сабырдуулук, улуттар аралык ынтымак, мыйзамдарды сактоо жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. «Дугаба» эс алуу базасында эс алып жүргөн Өзбекстан Республикасынын жарандарына да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана жергиликтүү каада-салттарды урматтоо зарылдыгы эскертилди.