www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Талант Мамытов тийиштүү министрликтердин өкүлдөрү жана Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугуп, «Дашман» коругуна байланышкан маселени талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-майда «Мекенчил-Ынтымак» депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытов тийиштүү министрликтердин, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, Базар-Коргон районунун акими, Арсланбап айыл аймагынын башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана тургундар менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругуна байланышуу маселе боюнча жыйналыш өткөрдү. Жыйынга депутат Токтобүбү Ашымбаева да катышты.
Арсланбап айыл аймагынын тургундары укуктары бузулганын айтып, 7000 гектардан ашуун аянтты ээлеген «Дашман» мамлекеттик коругунун макамын жаратылыш паркына айлантып, өзгөртүп берүүнү өтүнүштү. Жергиликтүүлөр билдиргендей токой чарбасына 2012-жылы мамлекеттик корук макамы берилгенден кийин алар чарба жүргүзө албай, кыйынчылыктарга дуушар болуп келишет.
«Дашман корук болгонго чейин эле айыл болгон. Токойду ижарага алып, мал жайып, жаңгак терип, картошка айдап тиричилик өткөрүп келгенбиз. Чарба жүргүзүүгө айып пул салынып, 14 жылдан бери эгерлер менен конфликт чыгып келет. Корукка айлангандан кийин бизге кенемте катары башка жер да берилген эмес», - деди жергиликтүү тургун Аватбек Кылычбеков.
Ал эми Улуттук илимдер академиясынын өкүлү Бермет Кудайбергенова жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев жаңгак токойун жана андагы биоартүрдүүлүктү сактоо, токойдун табигый өсүүсүн камсыздоо максатында корук макамы берилгенин билдиришти.
Депутат Талант Мамытов жаратылыш зарыл экендигин, бирок коруктун тегерегиндеги 8 айылда жашаган 50 миңдей адамдын да укуктары сакталышы керектигин айтып: «Өзүбүздү өзүбүз алдабайлы, чындыкка келели. Корук аты болгону менен заты өзгөргөн жок. Де-юре корук макамы берилгени менен жергиликтүү тургундар ушул күнгө чейин коруктун жаңгагын терип, малын багып келе жатат. Коруктун айланасы курчалбагандан кийин аны сактоо мүмкүн эмес. Элди башка жакка көчүрүп, жер берип, анан доо коюш керек эле. Мында коррупция пайда болуп жатат», - деди.
Ошондой эле корук макамы берилген 14 жыл ичинде токойдо кандай өзгөрүү болгонуна кызыккан эл өкүлү жергиликтүү бийлик, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрү жана эколог адистер менен биргеликте жаратылыш коругун жеринен көрүп, эл менен жолугушуу өткөрүп, чечим чыгарууну сунуштады. Бул иш-чараны жүргүзүүгө бир ай убакыт мөөнөт берилди.
Мындан тышкары жыйында Базар-Коргон районунун бир нече айыл аймактарынын ички жолдорун оңдоо жана социалдык объектилерди куруу маселелери да козголду. Маалым болгондой, быйыл райондо 22,6 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Жергиликтүүлөр Арсланбап туристтик зона болгондуктан аймактын жолун толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берүүнү өтүнүштү.