www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Кыргыз Республикасынын юстиция министри Аяз Баетов Европа Парламентинин депутаты, Европа Парламентинин Кыргыз Республикасы боюнча туруктуу баяндамачысы Начо Санчес Амор жетектеген Европа Парламентинин делегациясы менен биргелешкен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.
Делегациянын курамында ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштар боюнча топтун мүчөсү, депутат Кристиан Вигенин да келди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер Европа Бирлиги менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилешти. Ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Өз кезегинде Европа Парламентинин депутаты Начо Санчес Амор кыргыз тараптын кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча ачык диалог жүргүзүүгө даярдыгын оң баалап, европалык тарап Кыргыз Республикасынын укуктук тутумуна урматтоо менен мамиле кыларын белгиледи. Ошондой эле ал стратегиялык мааниге ээ минералдар, транспорт, мыйзам үстөмдүгү, билим берүү жана туризм тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Парламентинин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында үзгүлтүксүз саясий байланыштарды колдоп турууну макулдашышты.