www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу ырчы Сыймык Бейшекеев Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына "Элмирбек Иманалиев атындагы мамлекеттик сыйлык болуусу абзел", - деген пикирин жазып чыкты.

"ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ" атындагы мамлекеттик сыйлык болуусу абзел. Бул сыйлык, улуулука өндүрүлгөн угут болуп, берээри талашсыз нерсе. Бүгүн, ушул изги тилек сунушумду, калктын кадырын билген Sadyk Sher-Niyaz баатырга айттым. 

Менимче, көпчүлүктөн колдоо тапса, биз бел болуп берсек, жолборс жүрөк Сакем жогорудагы сунушту ишке ашырат.

"Көөнөргүс мурасыбыздын эртеңине, улуу өнөрдүн урматы артып, кадыры бийиктесин" десеңиз, сиздин колдоого бул сунуш абдан муктаж, Саке жараткан жар болсун, сизге!!!", - деп Сыймык Бейшекеев жазган.

Белгилей кетсек, 20-апрель күнү белгилүү ак таңдай төкмө акыныбыз Элмирбек Иманалиев 42 жашында дүйнө салды.

Кечээ, 22-апрелде маркум Элмирбек Иманалиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди. Маркум акын тоо булбулу атыккан айтылуу ырчы, атактуу обончу Муса Баетовдун жанына коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости