www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Бейшенбек Бекешов Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына маркум Элмирбек Иманалиевди бир “чувак” деп атаган “КЛООПтун” журналисти тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Элмирбекти "чувак" деген көк мээге таарынбай эле койгула. Сүйлөп, көк мээ экени билинип калды. Билинбей, дымып олтургандары миңдеп, он миңдеп саналат. Шаардык болуп калган атасынан, ашып кетсе чоң атасынан аркыны билбеген таза маңкурттар да алар. Бизге алар караганда казак менен өзбек жакын. Тилиңди, дилиңди түшүнөт. Айтсаң уялат. Урушсаң ачык чечишип аласың. Булар сыяктуу ичтен иритпейт. Каратып туруп сатпайт. Идеалы Америка менен Европа эмес, жападан жалгыз акча эмес.

-"Тагдырыбызга түбөлүк коңшулук жазылган", - деп туруп беришет.

Көк мээлердин бир гана дарысы - аларды киши катары көрбөгүлө, адамча мамиле жасабагыла, алардын тилинде сүйлөбөгүлө, алардын тили менен эсептешкен чоңдордун сазайын бергиле. Ошондо гана эшек курту мурундарынан түшүп, өздөрүнүн ордун таап олтуруп калышат же жыргайбыз деп кыялданган жерлерине каңгып кетишет", - деп Бейшенбек Бекешов жазган.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-апрелде “КЛООПтун” журналисти Марат Абдыкалыков, Элмирбек Иманалиевди тааныбайм, кайдагы бир чувак каза болсо, элдин баары барышыптыр деп нааразы пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазып, коомчулуктун талкуусуна калган.

Эске сала кетсек, 22-апрель күнү кыргыздын чыгаан төкмө акыны Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөн.

Маркум менен коштошуу үчүн жакындары, үзөңгүлөштөрү болуп жалпы саны 200дөн ашык адам келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости