www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин кызматкерлери тарабынан балыктандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. 

Иш-чаранын алкагында Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына куйган сууларга Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын 5 миң даана чабагы кое берилди. 

Аталган иш-чара мамлекеттик саясаттын алкагында суу биоресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Балыктандыруу — табигый суу объектилериндеги балык ресурстарын калыбына келтирүүнүн жана көбөйтүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири. 

Мындан тышкары, мындай иш-чаралар экологиялык абалды жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана суу экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле аймактагы балык чарбасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө оң таасирин тийгизет.

Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан келечекте да ушундай балыктандыруу иш-чараларын системалуу түрдө өткөрүү пландалууда.

Последние новости