www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта, Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде венгр окумуштуусу Иштван Мандоки Конгурга арналган мемориалдык тактанын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, Венгрия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги, Венгриянын Улуттук банкынын Байкоочу кеңешинин төрагасы жана «Консервативдик семинар» фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы доктор Ференц Папчак, кыргыз-венгер котормочусу Иштван Мандоки Конгурдун окуучусу Давид Шамфои Коро, ошондой эле мектептин администрациясы катышты.

Иш-чарада министрдин орун басары Альберт Махметкулов сөз сүйлөп, бул жолугушуу орток тарыхты жана ажырагыс маданий байланыштарды даңазалаган маанилүү окуя экенин белгиледи.

«Биз бүгүн улуу окумуштуу жана венгр элинин чыныгы уулу — Иштван Мандоки Конгурдун элесине таазим кылуу үчүн чогулдук. Түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү үчүн анын ысымы өзгөчө мааниге ээ. Ал өз өмүрүн орток тамырыбызды изилдөөгө арнаган. Эстелик тактанын дал ушул билим берүү уюмунда орнотулушу да символикалуу. Анткени 1989-жылы дал ушул жерде ал улуу эмгегин — ыйык «Манас» эпосун венгр тилине которуу ишин жүргүзгөн», - деди А. Махметкулов.

Иш-чаранын алкагында мемориалдык такта салтанаттуу түрдө ачылып, гүлчамбар коюлду жана концерттик программа тартууланды.

Последние новости