www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен чыгармачылыгынын чыйыр жолу жана ошондой эле алдыдагы пландары тууралуу баарлашты.

Өмүрзак Жолдош уулу, сиз сценарийлерин жазып, продюсерлик кылып тарттырган “Президент жана бомж-1-2-3”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш” фильмдериңиз көпчүлүккө жагып, Кыргыз киносунда өз орундарын тапты.

Республикалык гезит-журналдарда кабарчы, башкы редактор болуп иштегем. 1993-жылы Москвадагы адабият институтунун курсунан билим алып, эл аралык жазуучулар союзунда кыргыз адабияты боюнча кеңешчи болдум. Журналистика менен кошо адабиятты ала жүрүп, аңгеме, повесттерди жазгам. 2012-жылы өзүм чымырканып “Президент жана бомжду” тартууга кириштим. “Президент жана бомж-2“ни Кыргызстандан тышкары Астана, Москва, Берлин, Парижден тарттык.

Ал эми “Москва сүйүүсүнө” орустун белгилүү кино жылдыздары А. Панкратов-Чёрный, Александр Песков, Лев Прыгунов, Бари Алибасов тартылды. Ал эми саясий курч “Төңкөрүш” тасмабыз Атамбаевдик бийлик тарабынан көрсөтүлбөй, айласыздан  интернетке койгонбуз.

- Эми “Манастын уулу Семетей” тасмасын тартууга белсенип турасыз.

- Буйруса. Россия, Казакстан киночулары жана “Бир алкак – бир жол” (“Жибек жолу”) эл аралык уюму менен биргелешип тартууга киришкени турганыбызда таажы тумоо тоскоол болду. “Казакфильм” эски замандын кийимдерин, курал-жарактарын, буюмдарын акысыз берсе, Москвалык өнөктөштөрүбүз монтаж, үн коштоо, 3 Dга айлантуу жумуштарын жасашып, жалпы Россия боюнча кинотеатрларга коюуну уюштурушмакчы.

- Кыргыз тарап колдоо көрсөтчүүдөйбү?

Кыргыз өкмөтү, ал кездеги Компартия борбордук комитети 1939-жылы “Манастын уулу Семетей” тасмасын тартууга чечим кабыл алып, 1946-жылы башташып, кайра токтошкон экен. Демек, “Манастын уулу Семетей” 80 жылдан бери тартылбай келе жаткан фильм. Бул тууралуу учурдагы элдик лидер Садыр Жапаровго да кайрылдым, башка тарыхый тасмаларчылап миллиондогон доллар эмес, бир миллион доллардын үчтөн бири өлчөмүндө колдоо болсо, ал каражатты тасманы кинотеатрларга коюудан кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирип.

- Казакстан, Кытай киночулары менен кино долбооруңуз бар экендигин да билдирип жүрөсүз.

- Сценарийим талкууланып, Казакстандык,  Кытайлык кесиптештер менен “Бактылуу болгула” кино фильмин тартууну макулдашканбыз. Кудайым буйруса, жакын арада баштамакчыбыз.

- Учурда пандемия бардык кино долбоорлорду токтотуптур да?

- Ооба. Бирок, “Жибек жолу” эл аралык кызматташтык уюмунун колдоосу менен  бир катар өлкөлөрдөн “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмасын тартып жатабыз.

- Көптөгөн мамлекеттерге таажы тумоого байланыштуу кирүүгө тыюу салынган го.

- Тыюу салынбаган өлкөлөргө барып, жетпеген жактардан аяктагы кесиптештерибизди жардамга чакырып, акырындап ишке ашыруудабыз.

- Садыр Жапаровго кайрылганыңызды айттыңыз, учурдагы жаңы өкмөт башчы тууралуу саясий кинолорду тартып жүргөн жазуучу жана киночу катары кандай пикирдесиз?

- Садыке 2013-жылы жайында түрмөдөн 4-ооруканага чыкканында  барып “Президент жана бомж-2”ни ноутбуктан көрсөткөм. Кийин эркиндикке чыкканында кенен пикирлешип жүрдүк. 2016-жылы Москвада “Төңкөрүш” жана “Дүйнөлүк Назарбаев” тасмаларыбыздын бет ачаарын өткөргөндө Садыкени чакырсам Новосибирскиден атайын учуп барып катышкан.

Маданиятты, рухий дөөлөттү сыйлаган, көз карашы жетик жана терең инсан. Ошондуктан түшүнөөрүнө ишенип кайрылдым “Манастын уулу Семетей” киносун тарталы деп. Азыркы саясий кырдаалды, Садыр Нуркожо уулунун бийликке келишин калчап отуруп “Семетейден” улам бийлик үчүн күрөш атам замандан бери окшош уланып келатканын баамдайсың.

- Семетейдин бийликке келиши Садыкеникине окшошобу?

- Семетей кичине кезинде эле аны атасы Манасты тартып, элди ойлоп, байлыгыбызды чачып жоготот деп коркушуп, Жакып, Абыке, Көбөш өлтүрмөк болушканда Чыйырды менен Каныкей Букарга алып качып барышып чоңойтушат... “Кумтөрдүн” алтыны элге калсын деп эл камында күрөшкөн Садырды Атамбаев, Сегизбаевдер абакка тыгышкан. Алардын жолун Жээнбеков 3 жыл улады... Садыр түрмөдөн чыкканда эл Семетейге окшотуп хан көтөрдү...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости