www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн шаарынын 100 жаштагы тургуну Кыргызстандын жараны экенин тастыктаган паспортту эми гана алды. Бул тууралуу 8-майда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Саламатхан Маллабекова Кыргызстандын жараны экенин тастыктаган документти 46 жыл кеч алды. Буга анын туулгандыгы, үй-бүлө кургандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана башка документтери жоктугу себеп болгон.

Маллабекова 1920-жылы Өзгөндө туулуп, өмүр бою ошол жерде жашап келет.

Мамкаттоонун жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери өз эсебинен анын документтерин калыбына келтирүүгө жардам берип, ID карта жасатышты. Паспорт салтанаттуу түрдө белек-бечкеги менен кошо тапшырылды.

Бир кылымдык өмүр сүрүп келе жаткан Саламатхан Маллабекованын алты уул-кызы, 28 небереси, 106 чөбөрөсү жана 61 кыбырасы бар.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгону жарандык паспортторду 1994-жылы бере баштаган, ага чейин советтик паспорт болчу.

Булак: NazarNews.org

Последние новости