www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 7-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Милянфан айылынын тургунунан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктурган дуңган улутундагы киши 15 күн мурун Россиядан келген. Ал жүк ташуучу унаа менен иштечү. Өлкөгө кирип жатканда коронавируска тапшырган тести таза чыккан болчу.

Коомдук активист Гүлжан Кутманбаева Милянфан айылында коронавирус аныкталган кишиге медицина кызматкерлери жыртык кийимдер менен барышканын жазып чыкты.  Ошондой эле, ал аталган кишинин 9 баласы бар экенин кошумчалады.

Өздүк булак билдиргендей, учурда Милянфан айылы толук изоляцияга алынып, тургундарга айылдан кирип-чыгууга тыюу салынды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости