www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан бир нече саат мурун “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков баштаган депутаттар тобу шайлоочулар менен иштөө жумалыгынын алкагында кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги абал менен таанышкандыгын Жогорку Кеңештин басма-кызматы билдирди эле.

Эл өкүлдөрү Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушуптур. Баарынан кызыгы Ак-Сайга аттангандардын тизмесин караңыз, оозуң ачылат.

Фракция лидери А.Баатырбеков, депутаттар С.Айдаров, Д.Төлөнов, КР Өкмөттүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаев, партиянын негиздөөчүсү Ш.Абдыкеримов, саясий кеңештин мүчөсү Ч.Султанбекова.

Ушул өкүлдөрдүн арасынан  Ш.Абдыкеримовду тааныдыңызбы? –Ой бул кадимки эле ылакап аты менен таанымал Шаки байке да. “Алкомагнатчы”...

Так ушул тепсе термелбеген, каадалана баскан, акырын жылмайып койгон Шаршенбек Абдыкеримов эл менен жолукканы Баткен облусуна барыптыр “эй” элестеткиле, сүрөтүн көрүп сүйүнүп кетпедикпи... Таң калычтуу. Эмнеси болсо да Шаки байке аман-эсен барып келсе экен, узак жол...кыйналып калбагай эле...

Чолпон айым, Шаки мырзаны жакшылап караңыз, беш жылда бир жолу шайлоочулар менен иштөө жумалыгынын алкагында алгачкы жолу эл менен жолугуп атса көз тийип кетпесин. Суук сөз, жаман көздөн сактап, сумкеңизге “кагаз менен туз” ала жүрүңүзчү сураныч, Шаки мырзага керек болот да...жакында парламенттик шайлоо да келе жатат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости