www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана Жогорку Кеңеште добушка салуу боюнча депутаттарга алдын ала жол картасы таркатылган. Бул тууралуу «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусунда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

«Конституциянын жаңы долбоорунун автору ким экени талашка түшкөн. Ага демилгечи болгон 80 депутатпы же Конституциялык кеңешмеби - билбей жатканбыз. Долбоор менин колума мына кечээ эле тийди. Анын аягында Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин колу турат.

Демек, долбоордун автор - Бөрүбашев. Дагы бир кызык жагдай - бардык депутаттарга жаңы долбоор качан талкууланат, добушка качан коюлат жана бекий турган датасы көрсөтүлгөн жол картасын таркатышты. Бул кандайдыр бир мамлекеттик иш-чаранын программасындай болуп калыптыр. Ушундай жол менен да Баш мыйзамды кабыл алабы? Ошондуктан, мен кечээки жыйынга жана андан мурункуларына да катышкан жокмун», - деди ал.

https://gdb.rferl.org/f8924d0d-88d5-41ca-845c-b7e76a9d0120_w1597_n_r0_st.jpg

Белгилей кетсек, 17-февралда Жогорку Кеңеште депутат Нурбек Алимбеков модератор болуп, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөн. Анда депутаттар Конституциянын жаңы долбоорун бекитүүгө ашыкпоо зарылдыгын белгилешкен.

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин ошол эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости