www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ-Баткен театры Балдар күнүнө  фото флешмоб өткөрөт

Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры 1-июнь балдар күнүнө карата ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жарыялаган "Бактылуу балалык" жумалыгынын алкагында "Балдар - биздин келечек" аттуу  фото флешмоб өткөрөрүн, театрдын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, театрдын артисттеринин сүрөттөрүнө балдарга байланышкан макал-лакаптар жана афоризмдер жазылып, театрдын социалдык баракчаларына, интернет айдыңына кеңири жарыяланат.

Мунун башкы максаты биздин келечегибиз болгон балдарга ата - бабаларыбыз турмуштук тажрыйбасына таянып айтып кеткен тарбиялык мааниси зор макалдарды заманбап ыкма менен улам даңазалап туруу. Анткени, элибиздин баа жеткис ооздон-оозго айтылып келген руханий байлыктарын кийинки муунга узатуу биздин, тактап айтканда маданият кызматкерлеринин түздөн-түз милдети экенин баса белгилеген көркөм жетекчи, бул фото флешмопту башка театрлар жана маданий мекемелер быйылкы "Балдарды коргоо жылына карата" андан ары улантып кетишсе кубанычта болорун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости