www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы бардык базарларда беткап режими жана башка күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары катуу сакталышы керек. Бул тууралуу Кубатбек Бороновго таянып, өкмөттүн басма сөз кызматы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, калаадагы коомдук жайларда инфекция чыккан учурлар катталууда. Булардын бири Бишкек шаарынын жашоочусунун кайрылуусу болду, сыягы, ал вирусту ири базарлардын биринен жуктурган. 

«Өлкөдөгү бардык базарларда, өзгөчө Бишкек шаарында санитардык эрежелерди сактоону тартипке келтирип, көзөмөлдөө керек. Базарларда иштеп жаткандар жана ал жакка баргандар беткапты милдеттүү түрдө тагынуусу зарыл. Базар жетекчилиги ушул маселе боюнча тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөөнү толук жоопкерчилигине алышы шарт. Санитардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары ири делген «Дордойдон» баштап, республикадагы башка базарларга чейин санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөр боюнча ишти күчөтүүгө тийиш. Ошондой эле коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде мындай иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүсү шарт», - деди Кубатбек Боронов. 

Республикалык штабдын мүчөлөрү бүгүнкү күнү калк арасында коронавирус инфекциясы жок жана ал адамдардын жашоосуна жана саламаттыгына коркунуч келтирбейт деген пикирлер талкууланууда.

«Коронавирус бар, бул дүйнөлүк пандемия. Вирус өлкөбүздө жайылып жатат жана беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-баттан жууп туруу, социалдык байланыштарды кыскартуу сыяктуу санитардык эрежелерди сактабай коюу ар бир адамдын өмүрү үчүн кооптуу. Коронавирус бар экендигин тануу – бул жоопкерчиликсиздик», - деди биринчи вице-премьер. 

Бишкекте коронавирусту жуктургандар көп аныкталып жаткандыгына байланыштуу оорунун белгилеринин бар-жогу тууралуу жашоочуларды кыдырып, сурамжылоо иштери уланууда. 

Республикалык штаб жарандарды илдеттин белгилери пайда болсо медицина мекемелерине кайрылууга жана өз алдынча дарыланбоого чакырат.

Ыкчам штаб талаптагыдай тартипти орнотуу, санитардык көзөмөлдөө жана төрөт үйлөрүндө жаңы көз жарган аялдардын саламаттыгы үчүн тийиштүү коопсуздук шарттарын түзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости