www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору А.К. Габудиллиндин  приказы менен  1979-жылы Фрунзе шаарында милиция кайгуул-күзөт батальону түзүлгөн. Түзүлгөн жылдын бери өлкөдөгү өзгөрүүлөргө карабастан өзүнүн кызматын улантууда жана Бишкек шаарынын коомдук коопсуздугун камсыз кылууда. Биринчи күндөн баштап эле коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жана көчөдөгү, коомдук жайларда  кылмышка каршы МККК өзүнүн эффективтүүлүгүн көрсөткөн.

МККК батальонунун түзүлгөндүгүнөн Бишкек шаарында укук бузууну эскертүү , коомдук коопсуздукту бекемдөө кызматынын эффективтүүлүгүгү жогорулаган. Коомдук жайларда жана көчөлөрдө кылынган кылмыштардын саны азайган. Азыркы учурда милция кайгуул-күзөт полкунда  500 кызматкер кызмат өтөөдө, ар күнү коомдук коопсуздукту камсыз кылушууда. 2018-жылдын башынан бери полктун өздүк курамы тарабынан 657 кылмыш, 397-кылмыш башка кызматттар менен биргеликте кылмыштардын бетин ачышкан.

Административдик тартип бузуулар боюнча райондорго 6233 тартип буучулар жеткирилген. Ар кандай мамлекеттик иш чараларда жарандардын коомдук коопсуздук тартибин  камсыз кылышат. Бишкек ШИИББнын МККК кызматынын түзүлгөндүгүнүн 39-жылдыгына карата,өзүлөрүнүн милдетин кыйшаюсуз аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин министринин приказы менен МКККнын өздүк курамынын кызматкерлери ар кандай медальдар менен,төш белгилер, ардак грамоталар менен,ошондой эле кээбир кызматкерлерге ыраазычылык жарыяланды.

Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости