www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Саибжан Турдуев дайындалды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Канатбек уулу кабарлады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

37 жаштагы Турдуев Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Быйыл май айында биринчи вице-мэр болгон.

Ага чейин жеке ишкер, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты, райондук кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Айтмамат Кадырбаев мэрлик кызматын бүгүн тапшырды. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төраганын орун басары болуп дайындалды.

Ошто мэр шайлоо 2014-жылдын 15-январында өткөн. Шаар башчынын күбөлүгү Кадырбаевге 20-январда тапшырылган.

Калаа жетекчисин Ош шаардык кеңешинин депуттатары шайлайт. Кезектеги мэрди шайлоо күнү белгилене элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости