www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Сулайман-Тоону калыбына келтирүүгө донорлор тарабынан 12,5 миллион доллар бөлүнө турганын билдирди.
Ал депутат Уланбек Жаанбаевдин Сулайман-Тоо азыркы абалы канааттандырарлык эмес экенин жана бул жаратылыш эстелиги жаңыланууга муктаж экенин айткан сөзүнө жооп берди.
Министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк 16 миллион доллар бөлөт, анын ичинен 12,5 миллиону Сулайман-Тоону калыбына келтирүүгө жумшалат, калган каражат болсо Өзгөн шаарындагы мунаранын жанында музей курууга багытталат.
«Калыбына келтирүү иштери ЮНЕСКОнун макулдашуу процесси узарып кеткендигине байланыштуу создугуп калды. План боюнча бир айдын ичинде жарыктандыруу толугу менен алмаштырылат, үңкүр музейи калыбына келтирилет жана тоонун айланасы жаңыланат.
Тоонун төмөнкү бөлүгүндө жашылдандыруу иштери каралган. Ошондой эле тоонун түбүндөгү эски мончолор оңдолуп, жарандар бара турган музей катары пайдаланылат», — деп кошумчалады Мирбек Мамбеталиев.