www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өлкө боюнча 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттарды жана күбөлүктөрдү тапшыруу салтанаттарында коомдук тартип жана коопсуздук күчөтүлгөн тартипте камсыздала турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июнда республикадагы бардык жалпы билим берүү уюмдарында бүтүрүүчүлөргө расмий документтерди тапшыруу аземдери өткөрүлөт.
ИИМ Агартуу министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иш-чаралардын коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында комплекстүү чараларды көрүүдө. Коомдук тартипти сактоого жана жол кырсыктарынын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат.
Салтанаттуу иш-чаралар өтүүчү жайларда 5 миңден ашуун милиция кызматкери тартылып, алар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.
Мындан тышкары, укук коргоо органдары тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүп, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти бузууга жол бербөө чаралары көрүлүүдө.
ИИМ бүтүрүү иш-чараларында пиротехникалык каражаттарды, фейерверктерди, гелий шарларын жана кооптуу техникалык жабдууларды колдонууга тыюу салынганын эскертет. Ошондой эле ата-энелердин жана мектептердин макулдугусуз автожүрүштөрдү, жаратылышка чыгуу иш-чараларын жана көңүл ачуу жайларында майрамдоолорду уюштурууга жол берилбейт.
Министрлик ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырып, бүтүрүүчүлөрдүн жүргөн жерин көзөмөлдөөнү өтүндү.
ИИМ бардык бүтүрүүчүлөрдү окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алардын келечектеги окуусуна жана ишине ийгиликтерди каалады.