www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы маалыматтар боюнча, Сталин 1878-жылдын 18-декабрында туулган экен. Жакында анын туулган күнүнө байланыштуу ал жөнүндө материалдар көп жарыяланды. Негизи убагында кошоматчылар тарабынан “элдердин атасы” аталган бул инсанга “генийден” баштап “канкор диктаторго” чейинки кескин карама-каршылыктуу баалар берилип келет. Бирок, бул  макалада биз анын Кыргызстандын борборуна тиешелүү бир чечимин эске салууну чечтик. 

Учурда Бишкектин 2050-жылга чейинки жаңы башкы планы коомдук угууларга чыгарылууда. Ошондон улам борборубуздун пландалышына байланыштуу Сталиндин сунуштары эске түштү. 

Кыргыз ССРинин мамлекеттик пландоо комитетинин бир кызматкери (аты азыр эсимде калбаптыр) 1948-жылы Мампландын жетекчиси жана Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин жетекчиси менен бирге борбордун башкы планын бекитүүгө жактоо алдында Сталинге көргөзгөнү жөнүндө айтып берди эле. 

Ал учурда СССРдин ири шаарларынын, союздук, автономиялуу республикалардын жана автономиялуу облустардын борборлорунун башкы пландары бекитилүү алдында сөзсүз Сталиндин жеке кароосунан өтчү экен. 

Ошентип алар Москвага Сталиндин кабыл алуусуна жөнөшөт. Жолбашчынын секретары болуп дээрлик 15 жыл иштеген Поскребышев алгач аларды кабыл алуу күнү жана саатын мүнөтүнө чейин тактап айтат. Кабыл алуу жети мүнөткө созуларын, Сталин документтер менен алдын-ала таанышып, билип аларын, ошондуктан так жана кыска сүйлөө керектигин айтат.

Алар айтылган убакытта келишет. Поскребышев аларды кабыл алууга Сталиндин убактысы болбой калгандыгын, бирок, башкы планга Сталиндин эскертүүлөрү болгонун айтып, түшүндүртүп берет. 
Эки эскертүү бар экен. Биринчиси – Фрунзе шаары жайгашкан жер ойдуң экенин эске алуу менен шамалга тоскоолдук жаратпашы үчүн шаардын көчөлөрүн чыгыштан батышка жана түндүктөн түштүккө карай түз кылып салуу керектиги. Экинчиси – шаардын абасынын тазаланып турушу үчүн бак-дарактарды, өзгөчө түштүк тарабында көп тигилүүсүн эскерткен.

Бул эки эскертүү тең эске алынганы чын. Ошондуктан, Фрунзе (Бишкек) союздун шаарларынын арасынан көчөлөрүнүн түздүгү жана жашылдыгы боюнча алдыңкы орундардын биринде турган.

Баса, жакында эле Тынчтык проспектисинде кыркылган теректерге да Сталиндин тиешеси бар. Анткени, анын көрсөтмөсү менен СССРдин шаарларында гана эмес, калктуу пункттарынын баарында тездетилген жашылдандыруу боюнча чечим кабыл алынып, тез өсчү теректер тигилген экен.  

Союз тарап, өз алдынча мамлекет болгондон кийин борборубузда жер участоктору сатылып, курулуштар туш келди салынып, бизнесмен менен чиновниктер байышып, а шаар желденбей, аны ыш басты. 
Эми сөз башында айтылгандай, жаңы башкы план иштелип чыгууда. Бул жолу Сталиндей кеменгер адам чыгып, келечектүү башкы план түзүлөт болду бекен?

Последние новости