www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын эл артисти, диктор Бактыбек Мамытовдун туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Мамлекеттик катчы Бактыбек Мамытовдун кыргыз маданиятынын жана телерадио тармагынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын баса белгиледи.

Бактыбек Мамытов 50 жылдан ашык убакыт бою телерадио тармагында үзүрлүү эмгектенип, эфирдик сүйлөө маданиятын калыптандырган. Ошондой эле ал өзүнүн кайталангыс үнү жана жогорку кесипкөйлүгү менен элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон.

Ал расмий мамлекеттик иш-чараларды жогорку деңгээлде алып баруу менен бирге, ондогон жаш адистерге устат болуп, кыргыз элинин маданий баалуулуктарын сактоого жана даңазалоого өмүрүн арнаган инсан катары эскерилди.

Последние новости