www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Серджио Гор менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, аларды өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде мындан ары да өнүктүрүүгө болгон кызыкчылыгын ырасташты. Ошондой эле аймактык кызматташтыктын маселелери, анын ичинде «Борбордук Азия – АКШ» (C5+1) форматынын алкагындагы өз ара аракеттенүү каралды.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча пикир алышып, Бишкек шаарында ушул күндөрү өтүп жаткан «B5+1» диалогдук экономикалык платформасынын экинчи форумунун алкагында кызматташууну тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти. Бул формат ишкер чөйрөлөрдүн ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасына америкалык инвестицияларды тартууга натыйжалуу механизм катары бааланды.

Маектешүүнүн жүрүшүндө визалык маселелерге, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда ишкердик, билим берүү жана маданий алмашууларды кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги өз ара кызыкчылык жооп берген бардык багыттар боюнча конструктивдүү диалогду жана биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.
