www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкекте өткөн В5+1 бизнес форумунда сөз сүйлөп, анда Борбор Азияны бирдиктүү, келечектүү экономикалык аймак катары белгилеп, эл аралык бизнести кызматташууну жана инвестицияны кеңейтүүгө чакырды.
Ал белгилегендей, В5+1 форматы 2025-жылдагы Борбор Азия жана АКШ лидерлеринин саммитинде жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлор жана өнөктөштүк аркылуу ишке ашыруу үчүн практикалык аянтча болуп саналат.
“2025-жылдын 6-ноябрында Вашингтондо өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын лидерлеринин саммити кызматташуунун ачык жана амбициялуу векторун белгиледи. Бүгүнкү күндө биз бул векторду конкреттүү мазмун менен толтуруп, идеяларды демилгелерге, байланыштарды туруктуу өнөктөштүккө, ниеттерди өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү үчүн иштеген чечимдерге айландыруубуз керек”, - деп белгиледи ал.
Данияр Амангелдиев белгилегендей, 80 миллиондон ашуун керектөөчү рыногу, жаш демографиялык профили жана стратегиялык географиялык жайгашуусу менен Борбор Азия дүйнөлүк соода жана логистикалык каттамдардын маанилүү борборуна айланып баратат.
Белгиленген келечектүү багыттарга IT, креативдүү экономика, логистика, төлөм инфраструктурасы жана өнөр жай долбоорлору кирет.
Ал ошондой эле Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшүн белгиледи: ал 2025-жылдын аягына карата 11,1%га жетти. Өлкөдө мамлекеттик башкарууну санариптештирүү, бизнес процедураларын жөнөкөйлөтүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча масштабдуу реформалар ишке ашырылды. 2025-жылы жаңы “Инвестиция жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынып, 700 миллион долларлык биринчи эгемендүү еврооблигациялар чыгарылып бүттү.
Төраганын биринчи орун басары мамлекет тарабынан колдоого алынган, алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоиндин ишке киргизилишине өзгөчө көңүл бурду.
“Кыргызстан ошондой эле эл аралык IT адистерди жана инновациялык компанияларды тартуу үчүн “Санарип көчмөндөр” режимин, Жогорку технологиялар паркын жана Чыгармачыл индустриалдык паркын өнүктүрүүдө”, - деп белгиледи Төраганын биринчи орун басары.
Сөзүнүн жыйынтыгында Борбор Азия туруктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан, инвестиция жана технологиялар үчүн ачык аймакка айланып баратканы, ал эми Кыргыз Республикасы эл аралык бизнес менен түз жана мазмундуу кызматташууга даяр экени белгиленди.