www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва - 20.08.2025
Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрү "Узнай Россию" программасынын алкагында RT (Russia Today) телеканалында болушту.
Анда журналисттер аталган телеканалдын ишмердүүлүгү менен таанышып, студияларына саякат жасап, кызматкерлери менен баарлашты.
Кыргызстандан барган ЖМК өкүлдөрү RTнин билим тармагын чагылдырган долбоорлордун жетекчиси Анна Ковтунова менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Анын айтымында, Россиядагы ири каналдардын бири RT (Russia Today) 2005-жылы негизделген.
"Аталган каналдын негизи максаты - эл аралык маселелер боюнча Орусиянын позициясын чагылдыруу жана Орусиядагы окуялар жөнүндө аудиторияга маалымат берүү", - деди Ковтунова.
Телеканалдын Москвадан сырткары дагы бир нече өлкөлөрдө студиялары бар.
RT ар кандай тилдерде, анын ичинде англис, орус, араб, испан, француз, немис, серб, португал, кытай жана хинди тилдеринде 24 саат бою 100дөн ашуун өлкөгө маалыматтарды жеткизет.
Бүгүнкү күндө RT дүйнө жүзү боюнча 550 миллион көрүүчүгө жеткиликтүү.
Аталган каналдын редакциясында жалпы 3 миңдей кызматкер эмгектенет.
Телеканалды түзүү идеясы медиа менеджер Михаил Лесинге таандык. 2005-жылдын 6-июнунда "эл аралык саясаттын негизги маселелери боюнча Орусиянын позициясын чагылдыруу" жана "россиялык турмуштун окуялары жана кубулуштары жөнүндө көрүүчүлөргө маалымат берүү" үчүн арналган каналдын ачылганы жарыяланган. Каналды РИА Новости агенттиги өзүнүн филиалы ТВ-Новости аркылуу негиздеген.
Журналист Маргарита Симонян телеканалдын башкы редактор болуп эсептелет.
Булак: NazarNews