www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү  «Манас-Ордо» музей-коруктун (Манастын күмбөзүнүн) архитектор-автору Эркимбек Нурбеков, КР Президенти С.Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге чукул Кайрылуу жасады.

Төмөндө Кайрылуунун тексти толугу менен өзгөртүүсүз берилди: 

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич!

Бүгүн «Манас Ордо» аймагында тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо тууралуу мыйзамга жана музей фонду боюнча мыйзам актыларына каршы келген курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда. Ошондой эле, Маданият министрлиги тарабынан бекитилген «Комплекстин инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясынын» мазмунун бурмалоо жүрүп жатат.

2025-жылдын 1-августундагы №Н-6546 кат боюнча Президенттик Администрация тарабынан Маданият министрлигине жана Курулуш министрлигине мен 29.07.2025-ж. жазган катымда көтөрүлгөн маселелерди менин катышуум менен талкуулоо өтүнүчү жөнөтүлгөн. Бирок, тилекке каршы бул аткарылган жок. Министрликтер берген жооптор формалдуу, негизсиз маалыматтар менен гана чектелди. Ал эми кийин жооп каттарды даярдаган аткаруучулар менен маектешкенимде, алар муну моюнга алууга аргасыз болушту, бирок көйгөйлөр баягы бойдон калды.

Бул объект кыргыз элинин идеологиялык символу катары өзгөчө мааниге ээ экенин эске алып, Сиздерден төмөнкүлөрдү өтүнөм:

1. Долбоордук чечимдерди чыгармачыл союздардын, маданият, адабият, архитектура, көркөм өнөр ишмерлеринин, манас таануучулардын, КР Улуттук илимдер академиясынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууну уюштуруу (мисалы: 1989-ж. учурдагы музей долбоору талкуулангандагы катышуучулардын тизмеси сыяктуу).

2. Бул ишке КР Маданият министрлигинин көркөм-эксперттик комиссиясын тартуу;

3. Ошондой эле, ушул объекттин долбоорундагы негизги мыйзам бузуу жана туура эмес иштер боюнча «Eker Aska» Фейсбук баракчасында 12.08.2025-ж. жарыяланган «Манастын күмбөзүн өзүм билем, өтүгүмдү төрүнө илем» деген макала менен таанышып, аны эске алууңузду.

Урматтоо менен Э. Нурбеков

тел. 0556752545

Последние новости